Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Орбан венгрлерди Зеленскийден коргоо милдети экенин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Виктор Орбан венгрлерди Владимир Зеленскийден коргоо милдети экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Венгриянын премьери Польшанын өкмөт башчысынын Евробиримдиктен Украинага 90 миллиард евро кредитти бөгөттөгөнү үчүн айткан сын-пикирине жооп берди.

“Мен венгр элине жана Венгрияга жооп берем. Эгер кимдир бирөө аларга зыян келтирсе, менин милдетим — аларды коргоо. Азыр да ошондой болот. Президент Зеленский нефть транзитин калыбына келтирмейинче бизден эч кандай колдоо күтпөшү керек”, — деп жазды Орбан Х социалдык тармагына.

Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто 18-февралда Венгрия Украинага дизель экспорттоону токтотконун билдирди. Анын айтымында, бул чечим Киев “Дружба” аркылуу Россия нефтисинин өтүшүн саясий себептер менен чектеп жатканына жооп катары кабыл алынган.
Трамп бардык өлкөлөргө 10%дык бажы төлөмүн киргизүү жарлыгына кол койду