Бишкек жана Ош боюнча деталдык пландоо долбоорлорун өкмөт бекитүүсү сунушталды

Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Курулуш министрлиги Бишкек жана Ош шаарлары боюнча деталдык пландоо долбоорлорун өкмөт бекитүүсүн сунуштады.
Учурда республикалык шаарлардын башкы пландары минкаб тарабынан бекитилгени менен деталдык пландоо долбоорлору жана жер пайдалануу эрежелери жергиликтүү кеңештер тарабынан кабыл алынат.

“Деталдык пландоо долбоору башкы пландын жоболорун тактап, конкреттүү аймактар боюнча курулуш чектерин, зоналарды, инженердик даярдык чараларын, социалдык объектилердин жайгашуусун жана транспорттук тейлөөнү аныктайт. Ошондой эле тарыхый-маданий мурастарды коргоо аймактарында курулуш режимин жөнгө салуу сунуштарын камтыйт. Жер кодексине ылайык, жер пайдалануу жана курулуш эрежелери жер тилкелерин колдонуу тартибин жана кыймылсыз мүлктү өзгөртүү шарттарын жөнгө салуучу нормативдик-укуктук акт болуп эсептелет. Бул эрежелер башкы пландар менен деталдык пландоо долбоорлорунун практикалык ишке ашырылышын камсыздайт”, — деп жазылган негиздемеде.

Министрлик бул эки шаар өзгөчө укуктук макамга ээ экенин эске алып, демилге көтөрүп, мыйзам долбоору даярдалганын билдирди.
Шамалда тосмосу кулап калган эки курулуш компаниясына айып салынды. Видео