Бишкектеги №29 мектепке Советтер Союзунун Баатыры Муса Жалилдин ысымы ыйгарылды.
Иш-чара Ата Мекенди коргоочулар күнүн утурлай өтүп, минкаб төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Альберт Зульхарнеев жана Татарстандан келген делегация катышты.
"Мен үчүн Германиянын борбору Берлин дал ушул акындын ысымы менен гана байланышат. Берлин тууралуу ойлонсом да, Берлинде болгонумда да дайыма Муса Жалил эсиме түшөт. Урматтуу достор, бул мыкты мектептин жетекчилиги менен бирге баарыбыз чогулуп, бир добуштан ушул улуу акындын, Советтик Союздун Баатырынын ысымын биздин 29-мектепке ыйгаруу чечимин кабыл алганбыз", — деди минкаб төрагасынын орун басары Эдил Байсалов.
Катышуучулар ошондой эле мектептин аймагындагы акындын бюстуна гүл коюшту.
Иш-чараны татар-башкыр маданий борбору “Туган Тел” жана мектеп жамааты уюштурду.