РФ элчисине арналган мамалак жана 100 килограммдык токоч. Бишкектеги видео

“Евразия” паркында Масленица майрамына карата иш-чаралар уюштурулду.
Sputnik
Келген конокторго таттуулар, куймак, ысык чай жана салмагы 100 килограмм болгон малина кошулган токоч сунушталды.
Парк аймагында жарманке уюштурулуп, самоор, меш, алачык жана майрамдык куурчак коюлган арт-инсталляциялар иштеди.
Иш-чарага Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов жубайы менен катышты. Балдар аларга кийизден жасалган мамалакты белек кылышты.
Кичинекей бишкектиктер сүрөт тартып, чоподон буюм жасап, кийиз боюнча мастер-класстарга катышышты. Чатырлардын биринде балдар жана өспүрүмдөр частушкаларды айтып беришти.
Майрамдык программа жомоктогудай концерт менен жыйынтыкталды.