БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө арналган майрамдык концерт өттү.
Анда Кыргызстандын жана Россиянын жылдыздары өнөрлөрүн тартуулашты.
Концертте көрүүчүлөр үчүн 10 даана Changan автоунаасы, 10 iPhone жана 10 iPad ойнотулду.
Маданий иш-чарага кирүү акысыз болуп, ага борбор калаанын 16 миңге жакын тургуну күбө болду.