Британияда Трампка каршы 134 млрд долларлык доо арыз берүү сунушталды

Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Британияда Дональд Трампка каршы 134 миллиард долларлык доо арыз берүү сунушталды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Улуу Британиянын Либерал-демократтар партиясынын лидери Эд Дейви Х социалдык тармагында Дональд Трамп сотко кайрылууну жакшы көрөрүн айтып, премьер-министр Кир Стармер да Британия экономикасына келтирилген зыян үчүн АКШ президентинин үстүнөн доо арыз бериши керектигин белгиледи.
“Капа болбо, Дональд, биз 100 миллиард фунт стерлинг (134 миллиард доллар) менен эле чектелебиз. Иш ушундай жүрөт да, туурабы?” — деп жазган Эд Дейви.
Буга чейин АКШнын Жогорку соту өзгөчө экономикалык ыйгарым укуктар жөнүндө мыйзам Трампка импорттук пошлиналарды киргизүүгө жол бербейт деген чечим чыгарган. Президент бул чечимди “маскара” деп, соттун чечимине жооп катары мурда киргизилген пошлиналарды бардык өлкөлөр үчүн 10 пайыздан 15 пайызга чейин жогорулатарын билдирген.
Венгрия Евробиримдиктин Украинага насыя бөлүү боюнча чечимин бөгөттөп салды