Иран Евробиримдиктин аскер-деңиз жана аскер-аба күчтөрүн террордук уюм деп жарыялады

Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Иран бийлиги Евробиримдике кирген өлкөлөрдүн аскер-деңиз жана аскер-аба күчтөрүн террордук уюмдар деп жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ирандын Тышкы иштер министрлиги муну Евробиримдик 19-февралда ислам сакчылар корпусун террордук уюмдардын тизмесине киргизгенине жооп экенин билдирген.
Иран бул кадамды мыйзамсыз жана эл аралык укукка каршы деп эсептейт.
Трамп бардык өлкөлөргө 10%дык бажы төлөмүн киргизүү жарлыгына кол койду