БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет 23-февралдан 1-мартка чейинки аба ырайынын божомолун таратты.
Ага ылайык, алдыдагы аптада өлкөнүн көпчүлүк аймактарында туруксуз аба ырайы сакталат. Айрым күндөрү жаан, кар жаап, тоолуу аймактарда жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көлдө айрым күндөрү шамал 15-20 метрге чейин күчөшү ыктымал.
Чүй жана Талас облустарында
23-февралда жаан-чачын күтүлбөйт, айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. 24-26-февралда түнкүсүн жаан, кар, күндүз жаан жаашы ыктымал. 27-февраль күндүз, 28-февралда жана 1-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт. 1-мартта күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу аймактарда кар жаайт.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында
24-февралдан тарта айрым аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. 26-27-февралда көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт. 28-февралда жана 1-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт, 1-мартта күндүз айрым жерлерде жаан жаашы мүмкүн.
Ысык-Көл жана Нарын облустарында
24-27-февралда кар жаашы ыктымал. Айрым күндөрү жаан жаап, карга айланат. 28-февралда жана 1-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт. 1-мартта күндүз айрым аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.