Кыргыз ССР эл артисти, опера ырчысы Хусейн Мухтаров Советтер Союзунун опера жылдызы, кыргыз классикалык музыкасынын корийфелеринин бири Хусейин Мухатров 1938-жылы туулган.Ал 1964-ж. П. И. Чайковский атындагы Москва консерваториясын бүткөндөн кийин А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында солист болгон.1984-жылы СССРдин эл артисти наамы менен сыйланган. Мухтаров опералык репертуар менен бирге дүйнөлүк жана кыргыз, орус композиторлорунун патриоттук, лирикалык, классикалык ырларын мыкты аткарган ырчы болгон. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө гастролдо болгон. Эл достугу ордени менен сыйланган.
Программада Хусейин Мухтаровдун жубайы Эсен Молдокулова, кесиптештери Асанкан Жумакматов, Фатима Макеева, замандаштары Балбай Алагушев жана Күлүйпа Кондучаловалардын архивдик интервьюлары колдонулду.