Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Курулуш министрлиги Бишкек жана Ош шаарлары боюнча деталдык пландоо долбоорлорун өкмөт бекитүүсүн сунуштады. Учурда республикалык шаарлардын башкы пландары минкаб тарабынан бекитилгени менен деталдык пландоо долбоорлору жана жер пайдалануу эрежелери жергиликтүү кеңештер тарабынан кабыл алынат. “Деталдык пландоо долбоору башкы пландын жоболорун тактап, конкреттүү аймактар боюнча курулуш чектерин, зоналарды, инженердик даярдык чараларын, социалдык объектилердин жайгашуусун жана транспорттук тейлөөнү аныктайт. Ошондой эле тарыхый-маданий мурастарды коргоо аймактарында курулуш режимин жөнгө салуу сунуштарын камтыйт”, — деп жазылган негиздемеде. Министрлик бул эки шаар өзгөчө укуктук макамга ээ экенин эске алып, демилге көтөрүп, мыйзам долбоору даярдалганын билдирди.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги мал ооруларынын очокторун жана жайылышын көзөмөлдөөчү жаңы санариптик система ишке кирерин билдирди. Маалыматка ылайык, «ОЭМС» аттуу маалыматтык системаны Ветеринария кызматы АгроСмарт мекемеси менен биргеликте иштеп чыгууда. Жаңы система аркылуу сибирь жарасы сыяктуу кооптуу оорулардын очоктору, мал көмүлгөн жайлар жана ветеринардык пункттар интерактивдүү картага түшүрүлөт. Эгер жаңы учур катталса, адистерге автоматтык түрдө билдирүү жөнөтүлөт. Ошондой эле эмдөө жана башка ветеринардык иш-чаралар санариптик базага катталып турат.
Россия Федерациясынын өкмөтү мигранттардын балдарын 18 жашка толгондон кийин өлкөдөн чыгарууну сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору Мамдумага келип түштү. Документ электрондук базага жарыяланды. Долбоорго ылайык, эмгек мигранттарынын балдары ата-энесинин иштөөгө уруксатынын мөөнөтү аяктаганга чейин гана өлкө аймагында боло алат. Ошондой эле чет өлкөлүк жаран өзү жана ар бир баласы үчүн жеке киреше салыгы боюнча белгиленген туруктуу аванстык төлөмдү төлөп турууга милдеттүү. Өкмөттүн демилгесине ылайык, 18 жашка толгон мигранттардын балдары бир айдын ичинде өлкөдөн чыгып кетүүгө же өз алдынча иштөөгө уруксат алуу үчүн арыз берүүгө тийиш.
Британияда Дональд Трампка каршы 134 миллиард долларлык доо арыз берүү сунушталды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Улуу Британиянын Либерал-демократтар партиясынын лидери Эд Дейви Х социалдык тармагында Дональд Трамп сотко кайрылууну жакшы көрөрүн айтып, премьер-министр Кир Стармер да Британия экономикасына келтирилген зыян үчүн АКШ президентинин үстүнөн доо арыз бериши керектигин белгиледи. “Капа болбо, Дональд, биз 100 миллиард фунт стерлинг (134 миллиард доллар) менен эле чектелебиз. Иш ушундай жүрөт да, туурабы?” — деп жазган Эд Дейви. Буга чейин АКШнын Жогорку соту өзгөчө экономикалык ыйгарым укуктар жөнүндө мыйзам Трампка импорттук пошлиналарды киргизүүгө жол бербейт деген чечим чыгарган. Президент бул чечимди “маскара” деп, соттун чечимине жооп катары мурда киргизилген пошлиналарды бардык өлкөлөр үчүн 10 пайыздан 15 пайызга чейин жогорулатарын билдирген.