Атайын кызматтын маалыматына ылайык, УКМК Улуттук дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттик жана муфтият менен биргеликте мектеп, колледж жана жогорку окуу жайларда профилактикалык иш-чараларды өткөрүүдө. Максат — жарандарды тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө тартуунун алдын алуу. Маалыматта айтылгандай, салттуу ислам дининин негиздери боюнча түшүнүктүн жетишсиздиги айрым жарандардын радикалдык идеологияга аралашуусуна себеп болууда. Мындай уюмдар жарандарды негизинен социалдык тармактар аркылуу азгырат. Жыл башынан бери жогорку окуу жайларда маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, студенттердин диний сабаттуулугун арттыруу, маалыматты сын көз караш менен кабыл алуу көндүмдөрүн калыптандыруу жана конфессиялар аралык ынтымакты бекемдөө багытында иштер уланууда.
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев XI кылымда жашап өткөн улуу бабабыз Махмуд Кашгари-Барскани түзгөн дүйнө картасынын көчүрмөсүн орнотуу тууралуу демилге көтөрүп, көрсөтмө берди. Көрсөтмөгө ылайык Маданият министрлиги конкурс аркылуу эң мыкты долбоорду тандап алышы керек. Борбор Азиядагы ислам ренессансынын толкунунда жаралган картада дүйнөнүн борбору деп Ысык-Көл көрсөтүлгөн. Бул демилге Махмуд Кашгари-Барсканинин 1000 жылдыгына карата иш-чаралардын бир бөлүгү болмокчу.
Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи бишкектиктерди тактилдик бурчка барууга чакырат. Тактилдик бурч музейдин экинчи кабатындагы батыш залында жайгашкан жана искусствону жаңыча сезүүнү каалагандар үчүн ачык. «Биздин музей үчүн инклюзивдик аракеттер — бул жөн гана иш багыты эмес, маанилүү баалуулук. Биз искусствону ар бир адам үчүн жеткиликтүү кылууга умтулабыз, анын ичинде көзү азиз жана начар көргөн жарандар үчүн да. Тактилдик бурч — бул өзгөчө мейкиндик, анда экспонаттар кармоо аркылуу кабыл алууга ылайыкташтырылган. Бул жерде чыгармаларды көрүү менен гана чектелбестен, алардын формасын, текстурасын жана образын кол менен сезүүгө болот. Ошентип, искусствону башкача, терең жана жеке тажрыйба аркылуу ачууга мүмкүнчүлүк түзүлөт», — деп айтылат маалыматта.
Иран бийлиги Европа Биримдигине кирген бардык өлкөлөрдүн аскер-деңиз жана аскер-аба күчтөрүн террордук уюмдар деп жарыялады Мындай чечимге негизги себеп – 19-февралда Евробиримдик ислам сакчыларынын корпусун террордук уюмдардын тизмесине киргизгени болду. Иран бул кадамды мыйзамсыз жана эл аралык укукка каршы келет деп эсептейт.
Венгрия уюмдун насыя бөлүү боюнча чечимин бөгөттөп салган. Мында 90 миллиард евро өлчөмүндөгү насыя боюнча сөз болууда. "Венгриянын элчиси жума күнү блоктун Украинага карыз берүү чечимине каршылыгын билдирди", — деп жазган Financial Times басылмасы өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен. Еврокомиссия мурдагысындай эле ЕБ бюджетинин резервин колдоно алганы менен карыз берүү бардык 27 мүчө мамлекеттин макулдугу менен чечилери белгиленген.