БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Венгрия Украинага жардам көрсөтүү үчүн 90 миллиард евро өлчөмүндөгү насыя берүүнү колдоодон баш тартты. Бул тууралуу Financial Times өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен жазды.
"Венгриянын элчиси жума күнү блоктун Украинага карыз берүү чечимине каршылыгын билдирди", — деп белгилеген басылма.
Макалада Украина айтылган каражатсыз калса экинчи кварталда эле финансылык туңгуюкка кабылары айтылат. Еврокомиссия мурдагысындай эле ЕБ бюджетинин резервин колдоно алганы менен карыз берүү бардык 27 мүчө мамлекеттин макулдугу менен чечилери белгиленген.
Эскерте кетсек, ушул айдын башында Евробиримдик насыя бөлүү милдетин алган. Жарыяланагн документке ылайык, бул кеңейтилген кызматташууга катышуудан баш тарткан Чехия, Венгрия жана Словакиянын бюджеттик төгүмүнө таасир этпейт.
Макулдашуу боюнча Киев курал-жаракты европалык мамелкеттерден гана сатып алууга милдеттендирилет, адаттан тыш учурлар өзүнчө каралмакчы.
Киевге 2026-2027-жылдарга насыя берүү саясий чечими декабрда өткөн саммитте кабыл алынган. Өткөн жумада аны Европарламент жактырган, эми документти ЕБ кеңеши колдоп бериши керек. Украина биринчи транш апрелде жүргүзүлөт деп үмүт артууда.
Буга чейин Еврокомиссия Россиянын тоңдурулган активинин эсебинен 140 миллиард евро көлөмүндөгү насыяга Брюсселдин макулдугун алууга аракет кылып келген. Украина согуш токтогондон кийин Москва "материалдык зыяндын ордун толтуруп берсе" акчаны кайтарып берери айтылган. Европа бир пикирге келе албай, акыры өзүнүн бюджетинен 90 миллиард евро бөлүүнү чечкен.