Трамп бардык өлкөлөргө 10%дык бажы төлөмүн киргизүү жарлыгына кол койду

Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп бардык өлкөлөргө карата 10 пайыздык импорттук бажы төлөмүн киргизүү жөнүндөгү жарлыкка кол койду. Бул туурадуу РИА Новости кабарлады. https://ria.ru/20260221/tramp-2075912291.html
Ак үйдөн жаңы жарлык 25-февралда күчүнө кирип, 150 күнгө уланарын белгилешкен.
Жума күнү АКШнын Жогорку соту Өзгөчө экономикалык ыйгарым укуктар жөнүндөгү мыйзам Трампка импорттук бажы төлөмдөрүн киргизүүгө укук бербей турганын аныктаган. Мындай чараларды киргизүү боюнча ыйгарым укук Конгресске таандык.
АКШ президенти соттун бул чечимине жооп берип, импорттук бажы төлөмдөрүнө мыкты альтернативанын бар экенин айткан. Трамп улуттук коопсуздукка байланышкан бардык бажы төлөмдөрү сакталып каларын белгилеп, жума күнү буга чейин демилгеленген глобалдык 10 пайыздык бажы төлөмүн киргизүү жөнүндөгү жарлыкка кол коерун убадалаган.

Тариф киргизүү

АКШнын 47-президенти соода саясатын катаалдаштырууну дээрлик Ак үйгө кайтып келери менен баштаган. Адегенде Мексика менен Канададан ташылган товарларга бажы төлөмүн киргизди, андан кийин Кытайга тарифти көтөрдү. Ошондой эле болот, алюминий жана автомобилдерге карата тарифтерди жарыялады.
Мындай аракеттердин "кульминациясы" өткөн жылдын апрель айынын башында болду. Анда Вашингтон импортко бажы төлөмдөрүн киргизип, негизинен ал 10 пайызды түзгөн. Ошол эле учурда 57 өлкө үчүн жогоруталган тарифтер иштей баштаган. Бир жумадан кийин Америка бул процессти убактылуу токтотуп, көптөгөн мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү баштаган.
АКШнын Апелляциялык соту 2025-жылдын августунда 1977-жылы кабыл алынган Эл аралык өзгөчө экономикалык ыйгарым укуктар жөнүндөгү мыйзам президентке бажы төлөмдөрүн киргизүүгө укук бербей турганын жарыялаган. Ак үй абалды улуттук коопсуздук менен байланыштырып, мындайда президенттин чукул жарлык чыгарууга мүмкүндүк берген ыйгарым укуктары бар деген пикирди карманып келет.
АКШнын Иранга киргизген жаңы бажы алымынын Кыргызстанга да тиешеси болушу мүмкүн