Шамалда тосмосу кулап калган эки курулуш компаниясына айып салынды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Курулуш министрлиги Бишкектеги катуу шамалдан улам убактылуу тосмолору кулап калган эки компанияга 200 миң сомдон айып салды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Бүгүн таңда Бишкек шаарында катуу шамал болуп, Жал кичи районунда курулушу жүрүп жаткан көп кабат үйдүн айланасындагы тосмосу кулап, тротуарды тосуп калган. Мамлекеттик архитектура-курулушту көзөмөлдөө боюнча департаменттин адистери текшерип, натыйжада "Жаз Строй" ЖЧКсына 200 миң сом айып салды. Коопсуздукту коргоо үчүн тосмону калыбына келтирүүгө бир күн мөөнөт берилген.
Мындан тышкары, катуу шамалда Көк-Жар айылында курулуп жаткан көп кабаттуу турак үйдүн убактылуу тосмосу кулап, жанындагы үйлөргө зыян келтирген. Үйдү салып жаткан "Централ Азия Инвест" ЖЧКсы да 200 миң сом айып төлөмөй болду. Ошондой эле ишкана жабыр тарткан турак үйлөрдүн тосмолорун үч күндө калыбына келтирүүгө милдеттендирилди.
Курулуш министрлиги “Аалам строй” компаниясына 3 млн. сом айып салды