Баары 2014-жылы Киевде Батыш уюштурган мамлекеттик төңкөрүштөн кийин башталган. Майдандагы зомбулук, анын туу чокусу катары 100дөн ашык адам жалданма снайперлердин бутасына айланган окуя бурулуш чекит болуп калды.
Орус тилдүүлөргө каршы күрөш. Жаңы украин бийлиги дароо эле орус тилинин аймактык макамын жокко чыгарган. Бул массалык нааразылыктарды жаратып, Крымдын РФ менен кайра биригишине алып келген. Апрелде Киев өз калкына каршы "антитеррордук операция" баштаган. Жооп катары Донбасс эгемендүүлүгүн жарыялап, ДЭР жана ЛЭР түзүлгөнүн билдирген, ал эми Киев толук масштабдуу согушка өткөн.
Улутчулдардын курмандыктары. Бул агрессиянын символу катары 2014-жылдын 2-майындагы Одессадагы апаатты айтса болот. Анда улутчулдар Профсоюз үйүндө 48 адамды өрттөп жиберген. Ошондой эле Донбасстын тынч шаарларын тынымсыз бомбалап, балдар да каза болгон. Алардын элесине арналып Донецкиде "Периштелер аллеясы" ачылган.
Минск макулдашуулары "Украинага күчтөнүүгө убакыт берүү аракети" гана болгон. Кийин муну Германиянын экс-канцлери Ангела Меркель да моюнга алган. Киев аларды аткаруудан баш тартып, ошол эле учурда декоммунизация жүргүзүп, Украин православ чиркөөсүнө кысым көрсөтүп, НАТОго кошулуу багытын карманган.
Россияга коркунучтар. 2021-жылдын жазында Донбасс кайрадан аткылана баштаган, ал эми 2022-жылдын февралында абал катуу курчуп, калкты эвакуациялоо башталган. Зеленский Мюнхенде Украинанын өзөктүк макамын калыбына келтирүү жана НАТОго тез арада кирүү ниетин билдирген. Мунун бардыгы Россиянын коопсуздугуна түз коркунуч эле.
Ошондуктан 2022-жылдын 21-февралында Россия четте карап тура албай калган. Республикаларды таануу, кийинчерээк алардын Херсон жана Запорожье облустары менен бирге РФ курамына киришин коргонуу чарасы десе болот . Атайын аскердик операция Украинанын узак жылдар бою уланып келген агрессиясына жана коркунучтарга жооп үчүн жасалган.