БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын 60тан ашык түрү дүйнөнүн 80ден көп өлкөсүнө экспорттоло баштады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Агродиалог" форумунда айтты.
"Бийлик менен бизнестин аракети барган сайын шайкеш келүүдө. Күйүүчү май, насыя берүү жана башка маселелерди чечүүдө олуттуу прогресс бар. 2030-жылга чейинки улуттук программада айыл чарба продукциясын өндүрүү көлөмүн, кайра иштетүүнүн көлөмүн көбөйтүү, суунун жоготуу деңгээлин 15 пайызга чейин төмөндөтүү, сугат жерлердин аянтын 15 миң гектарга көбөйтүү, жерлердин суу менен камсыз болушун 93 миң гектарга жогорулатуу камтылган. Быйыл ирригация тармагына 12,3 миллиард сом каралды", — деген ал.
Касымалиев бул жылы айыл чарбасына өткөн жылдагыдан дээрлик 10 милиард сомго көп каражат — 41,1 миллиард сом багыттоо пландаштырылганын билдирди. Өкмөт 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмүн 25 пайызга, 2040-жылга чейин 50 пайызга жеткирүүнү пландоодо. Бүгүнкү күндө көрсөткүч болгону жети пайызды түзөт. Жогорудагы максаттарга жетүү үчүн 2030-жылга чейин кайра иштетүүчү 385 ишкананы ишке киргизүү зарыл.
Өкмөт башчы айыл чарба тармагындагы өткөн жылдын негизги көрсөткүчтөрүнө да токтолду. Анын айтымында, 2025-жылы айыл чарба продукциясын өндүрүү көлөмү 459,7 миллиард сомду түздү. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 62,9 миллиард сомго көп болуп, өсүү темпи 102,2 пайызга жеткен. Кайра иштетүү өнөр жайында 104,7 миллиард сомдук продукция өндүрүлгөн, бул 2024-жылдагыдан 16,2 милилардга көп.
Касымалиев жакынкы жылдары үрөнчүлүктүн, асыл тукум мал чарбасынын жана питомниктердин материалдык базасын активдүү чыңдоо зарыл экенин кошумчалады.