ФСБ Украина Telegram мессенжерин россиялык аскерлерге каршы колдонорун айтты

Sputnik
РИА Новости агенттигине кызматтын коомчулук менен байланыш борбору билдирген.
Ага ылайык, атайын операция өткөрүлгөн аймакта мессенжердин колдонулушу акыркы үч айда эле россиялык жоокерлердин өмүрүнө бир нече жолу коркунуч жараткан.

Россиядагы Telegram мессенжеринин айланасындагы абал

Өткөн аптада Россиянын байланыш, маалымат технологиялары жана массалык коммуникацияларды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы (Роскомнадзор) тиркеменин иштешин жайлата баштаган. ЖМКлардын 1-апрелден баштап аны толук бөгөттөө боюнча жарыялаган маалыматтарын кызмат тастыктаган да, четке каккан да эмес.
15-февралдан 17-февралга чейин Telegram дээрлик 600 миң канал менен тайпаны бөгөттөгөн, бул ай ичиндеги эң чоң көрсөткүч болду.
Ага чейин Роскомнадзор аптасына бул багытта маалымат издеген 100гө чейинки сервисти өчүрүп турарын билдирген. 2022-жылдан бери алардын жалпы саны 8358ден ашкан. Анткен менен абал өзгөргөн эмес, кайра эле жаңы ресурстар пайда болууда. Мекеме платформанын жетекчилигин мындай боттордун ишине өз алдынча бөгөт коюп, маалымат издөөгө тыюу салып, уурдалган жеке маалыматтарды алууга жол ачкан инфраструктураларды токтотууга чакырган.
Ниети бузуктар мындай жол менен алынган маалыматтарды шылуундук, алдоо үчүн активдүү колдонуп келишет. Мындан улам Telegram платформасына колдонуучулардын коопсуздугун коргоо талабы бир нече жолу коюлган. Бирок мындай кайрылууларга көңүл бурулбай жатат.
Мессенжер күч органдарына алдамчылык окуялары боюнча маалыматтарды гана эмес, жардырууну уюштуруу же пландоо боюнча да билдирүүлөрдү берүүдөн баш тартат. Бирок ал ошол билдирүүлөрдү чет элдин атайын кызматтарына берип жатканы белгиленген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский дагы үч жыл согушууга белсенип жатат