Айбек Маткеримов саламаттык сактоо министринин орун басарлыгынан кетти

Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Айбек Маткеримов кызматынан кетти. Маалыматты министрлик тастыктап, иштен өз каалоосу боюнча кетүү арызы кечээ жазылганын билдирди.
Маткеримов кызматка былтыр 15-декабрда дайындалган.
Кесиби боюнча дарыгер. 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
УКМК саламаттык сактоо министринин орун басары Рыспек Сыдыгалиевди кармады