Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Садыр Жапаров Кыргызстанда Тергөө комитети түзүлүп, ал түз президентке баш иерин "Кабарга" курган маегинде айтты. Өлкө башчысы күч түзүмдөрүндө жүрө турган реформалар тууралуу маалымат берген. Жапаровдун айтымында, тергөөнүн баары Тергөө комитетине өтөт. Башкы прокуратура менен Аскер прокуратурасы баарынын үстүнөн иштин мыйзамдуулугун көзөмөлдөйт. Садыр Жапаров Тергөө комитетин түзүү адам укугуна кандай таасир этерин да түшүндүрдү. Өлкө башчынын айтымында, учурда УКМКда да, ИИМде да ыкчам-иликтөө ишмердиги жана тергөөчүлөр бар. Баарынын үстүнөн бир эле министр башкарат. “Мисалы, “оперативник” иш алып келет, иш адилетсиз, бирөөнү “подстава” кылып эле камап жатат дейли. Тергөөчүгө ишти өткөрүп бергенде тергөөчү “бул ишиң соттон өтпөйт” деп кабыл албай коёт. Анан тергөөчүнүн үстүнөн министр чалат дагы “кабыл алып, кылмыш ишин ач” деген буйрук берет. Тергөөчү айласы жок иш козгойт. Тергөөнү бөлүп чыксак адам укуктары 100 пайыз болбосо дагы, 95 пайыз сакталат”, — деген президент. Ал Тергөө комитети түздөн-түз президентке баш иерин, эки башка орган бири-биринен бөлөк болуп, ортодо туура чечимдер чыгарын айткан.
Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Ал бул кызматты2020-жылдын декабрынан бери аркалап келген. Анын ордуна Абдупата Маткаликов дайындалды. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, ал 1964-жылдын 1-январында Жалал-Абад шаарында төрөлгөн. 1985-жылы Майлуу-Сууда жайгашкан Фрунзе политехникалык институтун “инженер-механик”адистиги боюнча аяктаган. 1991–1999-жылдары ишканада депо бөлүмүндө инженер, инженер-механик болуп иштеген.
Оштогу Б.Осмонов көчөсүндөгү жол тилкеси 8 тилкелүү болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Бүгүн мэр Жанарбек Акаев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге аталган көчөнү кыдырып, жолдогу көйгөлөрдү жеринен көрүп чыкты. Бул жол Баткенге каттаган негизги каттам болгондуктан жана келечектеги "Ош сити" шаарчасына байланыштуу, тыгындарды алдын алуу үчүн жолду кеңейтүү зарыл экени айтылды. Мэр курулушту тездетип, мөөнөтүнөн мурда бүтүрүүнү жана жолду 6 тилкеден 8 тилкеге чейин кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.
Cаламаттык сактоо министринин орун басары Рыспек Сыдыгалиев кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, ал Транспорттогу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборун жетектеп турганда кол алдындагылардан системалуу түрдө акча чогулткан деп айыпталууда. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизлип, башка тиешелүү адамдар аныкталууда.
АКШнын Жогорку соту Дональд Трамптын импорттук тарифтерин мыйзамсыз деп тапты. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. Чечим боюнча Эл аралык өзгөчө экономикалык ыйгарым укуктар мыйзамы президентке бажы алымдарын өз алдынча киргизүүгө укук бербейт. Маалыматка ылайык, мындай укук Конгресске таандык. Ак үйдүн башчысы соттун чечимин “маскара” деп атады.