Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көлдөгү "Тамчы" атайын финансы-инвестициялык аймагынын (АФИА) курулушуна капсула салды. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлады. Долбоордун алкагында 2035-жылга чейин 470 миң чарчы метрден ашык заманбап кеңсе борборлорун, турак жай комплекстерин жана туристтик объектилерди этап-этабы менен куруу пландалууда. Мунун баары жүз гектардан ашык жерди ээлейт. "Аймактын резиденттери 49 жылга чейин бардык салыктардан бошотулат. Ошондой эле 10 жыл ичинде 90 миңге чейинки турист агымы үчүн инфраструктура түзүлөт", — деп айтылат маалыматта. Касымалиев АФИА эл аралык финансы, глобалдык капитал, финтех жана IT-инновацияларды тарткан борборго айланышы керектигин белгилеп, муну менен катар эл аралык соода менен жүк агымдарын бириктирген заманбап логистикалык хаб болууга тийиш экенин айтты.
Кыргызстанда 2026-2034-жылдарга Футболду өнүктүрүүнүн улуттук программасы бекитилет. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул документ калкты футболду үзгүлтүксүз ойноого массалык түрдө тартуу үчүн оптималдуу шарттарды түзүп, футболчулардын чеберчилигин жогорулатуу, жаштарда сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу максатын көздөйт. Улуттук программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын бюджети бекитилет. Планды жүзөгө ашырууга мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз футбол биримдиги тартылат. Аталган жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.
Этке мал чарбаларына зыян келбегендей туура баа коюлушу керек. Мындай пикирин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин азык-түлүк коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаев билдирди. Анын айтымында, эттин баасы кескин көтөрүлүп да, өтө төмөндөп да кетпеши үчүн эки жак тең каралышы керек. “Алсак, маянасы өтө жогору эмес шаарда жашаган калк үчүн эттин баасы кымбат болууда. Ошондуктан мамлекет тийиштүү жардамдарды бериши керек. Бирок, фермерлерге карата баада чоң көзөмөл болсо, малдын саны кескин кыскарып кетиши мүмкүн. Анда эттин баасы мындан да жогорулап кетет”,- деди Чекирбаев.Ал ошондой эле бул багытта Казакстандын мисалында кеңири түшүндүрмө берди.
Кыргызстанда буга чейин TikTok платформасына коюлган бөгөттөөнү алып салуу боюнча Маданият министрлигинин деңгээлинде айтылды. Тагыраагы, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев ведомствонун коллегиясында аталган суроону көтөргөн. Ал кыргызстандык жаштар жана жалпы эле калк TikTok платформасын VPN аркылуу колдонуп жатканын эске салган. Мындан сырткары, салынган тыюу креативдүү индустрия тармагында иш алып барып жаткандарга да терс таасирин тийгизип келе жатканын кошумчалаган. Эске салсак, Кыргызстанда аталган платформаны жабууну ЖКнын VII чакырылышынын бир катар депутаттары айтып, демилге көтөргөн. Ресурс толугу менен 2024-жылдын апрель айында чектелген. Андан бир жыл мурда, 2023-жылдын августунда, аракет жасалган. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги мындай чечим кабыл алууга бир катар кайрылуулар негиз болду деген жүйө келтирген.Ведомство айрым бейөкмөт уюмдардан TikTok социалдык тармагынын "балдардын психикалык өнүгүүсүнө жана ден соолугуна тийгизген терс жана зыяндуу таасирине байланыштуу тынчсызданган кайрылуулар" келип түштү деген түшүндүрмө берген.