Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский дагы үч жыл согушууга белсенип жатат

Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Владимир Зеленский коопсуздук боюнча өткөн Мюнхен конференциясынан кийин дагы үч жыл жүрө турган согуштун планын иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу Wall Street Journal журналисти Боян Панчевский Киевдеги маалымат булактарына таянуу менен билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Киев режиминин башчысы мындай чечимин Россия менен сүйлөшүүлөргө мындан ары ишенбей турганы менен түшүндүргөн.
"Зеленский жакын үзөңгүлөштөрү менен өткөн бейшемби күнү, 12-февралда, жолуккан. Ошол жерден сүйлөшүүлөр ишке ашпай калганын, эми отургандарга дагы үч жылга созулчу согуштун планын иштеп чыгууну тапшырды. Баары аябай таң калышты", — деди Панчевский.
Маалымат бергендердин айтымында, Киевде Россия менен болуучу тынчтык келишими боюнча референдум жана президенттик шайлоо өткөрүүгө даярдык жүрүп жаткан. Панчевский Зеленскийдин оюн кескин өзгөртүшү АКШ президенти Дональд Трамп сунуштаган коопсуздук кепилдиктери менен байланыштуу болушу мүмкүн экенин боолголоду. Журналисттин баамында, Зеленский убадаланган кепилдиктер жетишсиз деп эсептеген болушу ыктымал.
Буга чейин The Sun басылмасы Зеленский Женевадагы жолугушуу ортолоп калганда америкалык лидерге нааразылыгын билдире баштаган. Киев режиминин жетекчиси АКШ президенти абалды жөнгө салууга жасаган аракетин адилетсиз деп сындап, Украина "эч качан Американы кечирбей турганын" белгилеген. https://sputnik.kg/20260219/zelenskiy-trampty-syndady-1099824842.html
Андан мурун Зеленский Трамп АКШ Украинага пайдасыз боло турган чечим кабыл алып койду деп кооптонуп, аймактардан баш тартуу талабын акыйкатсыз деп атаган.

Коопсуздук боюнча конференция

Мюнхен конференциясы 13-15-февраль күндөрү Германияда өттү. Иш-чара эл аралык коопсуздук маселелери талкуулана турган алдыңкы дүйнөлүк форумдардын бири болуп саналат, деген менен 2022-жылдан тарта ага Россия чакырылбайт.
Tagesspiel гезити конференция Зеленский үчүн өтө эле майнапсыз болду деген өңүттө макала жарыялаган. Америкалыктар Украинанын НАТОго мүчө болушуна караманча каршы болуп жаткан кезде Киев Евробиримдикке кошулууга далбас уруп жатканы белгиленген. Анткен менен бундестаг депутаты Родерих Кизеветтердин айтымында, европалыктар деле Зеленскийди колдоого ынтызар эмес.
Ак үй Зеленскийдин Трамп боюнча нааразылыгына жооп берди