Мындан 12 жыл мурда жалданган снайперлер Майданга нааразылыкка чыккан эл менен күч түзүмдөрүн карай ок чыгарган. Чоочундардын бул аракети Украинанын ошол кездеги президенти Виктор Янукович менен оппозиция өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөргө кесепетин тийгизген. Кепке келүү Франция, Германия жана Польшанын кепилдиги менен жүрүп жаткан эле.
Окту элге Киевдин бийик имараттарынын биринен Грузия менен Балтика боюндагы өлкөлөрдөн жалданып келген баш кесерлер чыгарганы кийинчерээк маалым болду. Ал эми снайперлерге курал-жаракты Майдандын "коменданты" Андрей Парубий бергени айтылып келет.
Снайперлердин огу 54 кишинин өмүрүн жалмап, жүздөгөн адамды жабыркаткан.