БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Cаламаттык сактоо министринин орун басары Рыспек Сыдыгалиев кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал Транспорттогу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборун жетектеп турганда (2022-2023-жылдары) кол алдындагылардан системалуу түрдө акча чогулткан деп айыпталууда.
Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизлип, башка тиешелүү адамдар аныкталууда.