БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. УКМК коррупция, уюшкан кылмыштуулук менен "маска-шоусуз" эле күрөшөт. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Жумгалбек Шабданбеков "Вечерний Бишкек" сайтына берген маегинде билдирди.
Төрага атайын кызмат 24 саат бою коррупцияга каршы турарын, буга чейинки криминал менен болгон күрөш да уланарын белгиледи.
"Ишкерлердин массалык кармалышы болгон эмес, болбойт дагы. Мамлекеттик кызыкчылыкка кедергисин тийгизген айрым учурлар бар. Тергөөгө кысым көрсөтүүгө жол берилбейт. Мындай иштердин ылдамдатылышы иштин адилеттүү жана толук тергелишине тоскоол жаратпашы керек. УКМК мурдагыдай "маска-шоусу" жок эле, коррупция жана уюшкан кылмыштуу топтор менен системалуу күрөштү мыйзам чегинде гана улантат", — деди төрага.
Шабданбеков УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан бошотулгандан кийин анын ордуна жетекчи болуп дайындалган.