БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Украинадагы согуштун токтой электигинен улам Россияга карата санкцияны дагы бир жылга узартты. Бул туурасында Кошмо Штаттардын жарыяланган федералдык реестринде айтылган.
"Өлкөдөгү чукул кырдаалды (Украинадагы кырдаалга байланыштуу — ред.) дагы бир жылга узартам", — деп айтылган жарлыкта.
Документтен РФке карата бул чектөөлөр Украинадагы согуштан улам жаралган чукул кырдаалга байланыштуу болуп жатканын аңдоого болот. Анда бул кырдаалды АКШнын тышкы саясатына жана Вашингтонго "болуп көрбөгөндөй жана чукул кооптуулук" жаратуучу фактор деп белгилешкен.