БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көлдөгү "Тамчы" атайын финансы-инвестициялык аймагынын (АФИА) курулушуна капсула салды. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлады.
Долбоордун алкагында 2035-жылга чейин 470 миң чарчы метрден ашык заманбап кеңсе борборлорун, турак жай комплекстерин жана туристтик объектилерди этап-этабы менен куруу пландалууда. Мунун баары жүз гектардан ашык жерди ээлейт.
"Аймактын резиденттери 49 жылга чейин бардык салыктардан бошотулат. Ошондой эле 10 жыл ичинде 90 миңге чейинки турист агымы үчүн инфраструктура түзүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Касымалиев АФИА эл аралык финансы, глобалдык капитал, финтех жана IT-инновацияларды тарткан борборго айланышы керектигин белгилеп, муну менен катар эл аралык соода менен жүк агымдарын бириктирген заманбап логистикалык хаб болууга тийиш экенин айтты.