БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Биринчи май райондук соту нефролог Насира Бейшебаеваны үй камагына чыгарды. Бул тууралуу аталган соттон билдиришти.
Эскерте кетсек, Бишкекте Эне жана баланы коргоо борборунун дарыгери өспүрүм кызды туура эмес дарылоого шектелип, Бишкек шаардык милициясы тарабынан 18-февраль күнү кармалган.
Өткөн жылдын августунда укук коргоо органдарына кайрылган аял борбордун Н.Б. аттуу дарыгери 15 жаштагы кызын дарылоодо ката кетирген болушу мүмкүн экенин билдирген. Арыз ээсинин айтымында, 2024-жылы медик өспүрүмдү туура эмес дарылагандыктан кыздын оң бутун кесип салууга туура келген.
Ал эми саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов нефролог Насира Бейшебаеваны эркинен ажыратпай, башка бөгөт чарасын колдонуу мүмкүнчүлүгүн кароо керектигин маморгандарга билдирген.