Казакстандан май ташып, жол жээгинде саткан 37 автоунаа айып короого киргизилди

Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Казакстандан күүйүүчү майды мыйзамсыз ташыган 37 автоунаа айып короого токтотулду. Бул тууралуу Жол милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, машиналарга кошумча бак орнотулган.
"Автоунаалардын көпчүлүгү жолтандабас болгон. Баары айып короого токтотулуп, 37 айдоочуга 5500 сомдон айып салынды. Унаалар мыйзамсыз жабдылган кошумча бактарын чечмейин чыгарылбайт", — деп айтылат мааалыматта.
Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май арзандады