Манас шаарынын мэри алмашты. Жаңы башчы тууралуу эмне белгилүү

Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Ал бул кызматты2020-жылдын декабрынан бери аркалап келген.
Анын ордуна Абдупата Маткаликов дайындалды. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, ал 1964-жылдын 1-январында Жалал-Абад шаарында төрөлгөн. 1985-жылы Майлуу-Сууда жайгашкан Фрунзе политехникалык институтун “инженер-механик”адистиги боюнча аяктаган.
1991–1999-жылдары ишканада депо бөлүмүндө инженер, инженер-механик болуп иштеген.
Жанар Акаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалды