Кыргызстанда өстүрүлгөн спаржа Кытай, Түштүк Кореяга чейин экспорттолууда

Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кыргызстанда өстүрүлгөн спаржа экспортко чыгып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, спаржа өстүрүү менен 10 жылдан бери алектенген жергиликтүү компания быйыл 61 гектарга өстүрүүнү пландап жатышат. Адатта бир гектар жерден 6-8 тонна түшүм алса болот. Ал эми заманбап агротехнологиялар менен түшүмдүүлүктү 12-15 тоннага чейин жеткирүү мүмкүн.
"Кыргызстан спаржаны ЕАЭБге мүчө Россия менен Казакстанга, андан сырткары, Кытай, Түштүк Корея жана Жакынкы Чыгышка экспорттойт. Компания Европа өлкөлөрү менен да кызматташууну пландап жатат", — деп айтылат маалыматта.
Былтыр спаржанын кызыл түрү үчүн GlobalGAP сертификаты алынып, продукциянын сапаты эл аралык стандарттарга жооп берери тастыкталган. Азыркы учурда өндүрүш жана экспорттук иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Кыргызстандын товарын сатып алган негизги өлкөлөр. Тизме