Кыргызстандан продукция импорттогон алдыңкы 10 өлкөнүн тизмеси

Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстандан продукция импорттогон алдыңкы 10 өлкөнү атады.
Өткөн жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын экспортунун жалпы көлөмү 2,5 миллиард долларды түзгөн.
Бизден товар алган мамлекеттердин тизмеси:
Россия – 569,7 миллион доллар
Казакстан – 403,8 млн.;
Өзбекстан – 345,4 млн.
Кытай – 139,4 млн.
БАЭ – 108,5 млн.;
Түркия – 71,8 млн.
Беларусь – 40,3 млн.
Иран – 32,7 млн.
Афганстан – 29,1 млн.
Тажикстан – 26,6 млн.
Бул жерде кеп өлкөдө өндүрүлгөн товарлар тууралуу болуп жатат (алтын казуу жана экспорттоо эсепке алынган жок).
ЕЭК Кыргызстанга эт жана башка азыктарды импорттоодо жеңилдик берди