БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кыргызстандык компаниялардын продукциясы Москвада өткөн "Продэкспо–2026" көргөзмөсүндө мыкты деп табылып, бир катар келишимдер түзүлдү. Бул тууралуу "Кыргыз экспорт" борборунун жетекчисинин орун басары Тилек Жумалиев "Биринчи радиого" курган маегинде айтты.
Эл аралык азык-түлүк көргөзмөсүнө 20дан ашуун ата мекендик ишкана катышкан.
"Биздин азыктар дегустация сынагында мыкты деп таанылды. Көргөзмөнүн жыйынтыгы менен 11 компания экспорттук келишимдерди түздү. Мында консервацияланган азык, тоңдурулган жашылча-жемиш, шире өндүрүүчүлөр тууралуу кеп болууда. Жакынкы аралыкта алар продукциясын Москвага жана Россиянын башка региондоруна жөнөтө баштайт", — деди Жумалиев.