Эпштейндин мураскери жабыр тарткандарга 35 млн. доллар төлөмөр болду

Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Жашы жете электерди сексуалдык кулчулукка сатууга айыпталган америкалык финансист Жеффри Эпштейндин мураскери жана анын эки аткаруучусу кыркка чукул жабырлануучуга 35 миллион долларга чейин кенемте төлөөгө макул болушту. Бул туурасында Bloomberg агенттиги жазды.
"Доогерлерден турган топтун соңку талаптарынан кийинки абалды жөндөп-чечүү планы Нью-Йорктун соту тарабынан бекитилиши керек. Кенемте буга чейин 136 доочуга берилген 121 миллион доллардан кийинки кезектеги төлөм болот", — деп айтылат маалыматта.
Январдын соңунда АКШнын башкы прокурорунун орун басары Тодд Бланш чуулгандуу финансычынын иши боюнча маалыматтарды ачыкка чыгаруу иши соңуна чыкканын билдирген эле. Жарыяланган материалдардын көлөмү 3,5 миллион файлдан ашкан. Анын ичинде документтер, электрондук каттар, ошондой эле сүрөт жана видеоматериалдар бар.

Эпштейндин чуулуу иши

2008-жылы бул киши жашы жете электерди сойкулукка тартуу жана зордуктоо боюнча кылмыштуу ишке аралашкан, тагыраагы, жоопко тартылган. Миллиардер күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен келишим түзүп, түрмөдө болжол менен 13 ай жаза өтөгөн. 2019-жылы балдарды сексуалдык эксплуатациялоо үчүн сатуу жана мындай ишке адамдарды тартып кылмыш жасаган деген айып менен темир тордун ичине кайра киргизилген. Тергөөдө айтылгандай, 2002-2005-жылдары ал Нью-Йорк жана Флоридадагы резиденцияларда ондогон кыздар менен интимдик байланышта болгон. Анын мындай кылмышынан жабыркагандардын айрымдары 14 жашка да толо электиги айтылат.
Ошол эле жылы августта Эпштейн абакта өзүнүн жанын кыйган. Анын шериги Гислейн Максвелл 20 жылга эркинен ажыратылган. Былтыр коомчулук бул ишке дыкаттык менен көз салып, өзгөчө карай баштады. Ага финансисттин электрондук кат алышуусунун болжол менен 20 миң барагы, ошондой эле эл оозундагы белгилүү адамдардын сүрөттөрүнүн ачыкка чыгышы себеп болду.
Эпштейн иши: 300дөн ашуун саясатчы жана белгилүү адамдардын тизмеси жарыяланды