Бишкектеги Дэн Сяопин проспектинин бир бөлүгү оңдоо үчүн жабылды

Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. 24-февралдан тарта Бишкектеги Дэн-Сяопин проспектинин түштүк тарабы Фучиктен тарта Алыкулов көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо үчүн бир айга жабылат. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Аталган тилкеде оңдоо иштери жүрүп, суу түтүктөрү алмаштырылат, андан сырткары, жол кеңейтилип, бордюрлар, асфальттын катмары жаңыланмакчы.
"Графикке ылайык, оңдоо иштери үч этапка бөлүнөт, ал эми участокторду бир айдын ичинде этап-этабы менен ачуу пландаштырылууда", — дешти мэриядан.
Буга чейин Дэн Сяопин проспектинин түштүк бөлүгү оңдолгон.
Бишкекте Профсоюз көчөсүн курууда көрүстөндү айланып өтүү чечими кабыл алынды