БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Бишкектеги бардык автобустардын маршруту өзгөрөт. Бул тууралуу шаар мэриясына караштуу Транспорт департаментинин башчысы Уланбек Бейшенбаев билдирди.
Анын айтымында, 72 маршруттун баары тең өзгөрүп, бир бөлүгү айланма болот. Мэрия мындан каттамдар ортосундагы убакыт кыскарып, автобус алмаштыруу жеңилдей турганын белгилеген.
Кечээ калаа башчысы Айбек Жунушалиев Бишкек шаарындагы транспорттук абалды жакшыртуу жана жол тыгындарын азайтуу маселелерине арналган ачык эксперттик жолугушуу өткөргөн. Ага Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышкан.
"Так ушул биргелешкен аракеттер менен гана биз Бишкек шаарынын аймагындагы тыгын маселесин чече алабыз. Бүгүнкү күндө биринчи кезекте жол инфраструктурасын оңдоого жана жаңылоого, акылдуу жол чырак системасын түзүүгө жана муниципалитеттин жоопкерчилигине түздөн-түз кирген башка чечимдерди ишке ашырмакчыбыз", — деди Жунушалиев.