БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Өздөрүн милициянын кызматкерлери катары тааныштырып, Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз иштерди жасоого шектелген үч жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Шектүүлөр кызматтык текшерүүлөрдү жүргүзүү шылтоосу менен батирлерге мыйзамсыз кирип, акча талап кылганы аныкталды.
"Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси ("Тоноо") менен иш козголуп, 31 жаштагы К.Ж., С.А. жана 32 жаштагы Ж.Э.Ж. кармалды", – деп айтылат маалыматта.
Шектүүлөр мурда жеке күзөт агенттиктеринде иштеген. Алар Бишкектин аймагында кеминде 15 батирде ушундай аракеттерди жасаган. Тиешелүү тараптар келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо ишин баштаганын айтышты.