Бишкектеги фестивалда чет элдик студенттер кыргыз ырларын аткарышты

Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Кыргыз ырлары чет өлкөлүк студенттердин аткаруусунда" аттуу республикалык фестиваль өттү. Бул тууралуу Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети кабарлады.
Иш-чарага өлкөдөгү бардык жогорку окуу жайлар катышып, анда билим алган чет элдик студенттер кыргыз элинин классикалык жана заманбап ырларын аткарышты.
1 / 5

"Кыргыз ырлары чет өлкөлүк студенттердин аткаруусунда" аттуу республикалык фестивалдын катышуучулары

2 / 5

"Кыргыз ырлары чет өлкөлүк студенттердин аткаруусунда" аттуу республикалык фестивалдын катышуучулары

3 / 5

"Кыргыз ырлары чет өлкөлүк студенттердин аткаруусунда" аттуу республикалык фестивалдын катышуучулары

4 / 5

"Кыргыз ырлары чет өлкөлүк студенттердин аткаруусунда" аттуу республикалык фестивалдын катышуучулары

5 / 5

"Кыргыз ырлары чет өлкөлүк студенттердин аткаруусунда" аттуу республикалык фестивалдын катышуучулары

Фестивалдын негизги максаты — чет өлкөлүк студенттердин кыргыз тилине жана улуттук маданиятына болгон кызыгуусун арттыруу, маданий алакаларды чыңдоо жана эл аралык достукту бекемдөө. Мындан тышкары, жаш муундар арасында улуттук баалуулуктарды даңазалоону, көп тилдүүлүктү колдоону жана маданияттар аралык диалогду өнүктүрүүнү көздөйт.
Фестиваль өлкө президентинин "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" жөнүндөгү жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле Эл аралык эне тил күнүнө карата өттү. Уюштуруучулар — Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия менен Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети.
БУУда кыргыздын мукам обондору менен күүлөрү жаңырды. Видео