БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Пентагондун аудиторлору, Мамлекеттик департамент жана USAID АКШнын Конгрессине жазган катында россиялык күчтөр Украина армиясынан алда канча артыкчылык кылып жатканын белгилеген. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.
"Согушта россиялык аскерлер аскери жетишпей, жабдуу тартыш болгон Украина армиясынан күчтүүрөөк болууда", — деп жазылган докладда.
Документте Украинанын Куралдуу күчтөрү россиялыктарды токтото албай жатканы да айтылган. Муну менен катар эле украин армиясы кадимкидей алсыраган, "каршылаш тараптын урулган тактикалык соккуларына тез жооп кыла албай турган, начар даярдыктагы күчтөр гана калганы" белгиленген. Мындай мүнөздөмөнү Пентагондун чалгын башкармалыгынан беришкен.
Украинанын реката чабуулунан коргонуу жабдуулары боюнча жагдайы эл аралык деңгээлдеги өнөктөштөрдүн техника берген-бербегенинен көз каранды болуп турат.
Белгилей кетсек, 17-18-февралда Россия, АКШ жана Украинанын Женевадагы үч тараптуу сүйлөшүүсү аяктады. Россиянын делегациясын жетектеп барган РФ президентинин кеңешчиси Владимир Мединский сүйлөшүү оор, бирок иштиктүү болгонун айткан.