АКШнын Жогорку соту Трамптын импорттук тарифтерин мыйзамсыз деп тапты

Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. АКШнын Жогорку соту Дональд Трамптын импорттук тарифтерин мыйзамсыз деп тапты. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Чечим боюнча Эл аралык өзгөчө экономикалык ыйгарым укуктар мыйзамы президентке бажы алымдарын өз алдынча киргизүүгө укук бербейт. Маалыматка ылайык, мындай укук Конгресске таандык.
Ак үйдүн башчысы соттун чечимин “маскара” деп атады.
NYT: Трамп Украинага күздүн соңуна чейин тынчтык орнотуу ниетинде