БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледждин (спорт мектеби) директору Айбек Ташматов (Күчүк каймана аты бар) 15-апрелге чейин камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасынын өтүнүчү канааттандырылган. Ташматовго Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Буга чейин соцтармакта Ташматовдун тойканалардын биринде кримтөбөл Камчы Көлбаевге тебетей кийгизип жаткан видеосу тараган. Мындан тышкары, эл эчинде УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын мурунку жетекчиси Элдар Жакыпбековдун жакын адамы экени айтылып келет