Кышкы туризм Кыргызстанда жылдан жылга өнүгүп, лыжа жана сноуборд тебүүгө кызыккан жаштардын, үй-бүлөлөрдүн саны көбөйүүдө. Бирок тоодо эс алуу – бул жөн гана көңүл ачуу эмес, жогорку жоопкерчиликти талап кылган коопсуздук маданияты. Адистердин айтымында, атайын жабдууларды туура тандоо, коргоочу шлем кийүү, трассанын эрежелерин сактоо жана аба ырайы менен кар көчкү коркунучун эске алуу – кырсыктардын алдын алуунун негизги шарттары. Кышында тоодо эс алуу маданияты ар бир туристтин жеке коопсуздугу менен катар башкаларга болгон урмат-сыйынан да башталат.
Кененирээк Спорттун кышкы түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын инструкторлор ассоциациясынын президенти Канат Мурзабек уулу жана Жөө жүрүүчүлөр коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Нурболот Эсенгожоев айтып беришти.