Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?

Sputnik
Кыргызстандын микрофинансылык сектору 1990-жылдардын ортосунда калыптанып, бүгүнкү күндө өлкөнүн финансы системасынын маанилүү бөлүгүнө айланды. Азыркы учурда бул тармакта ондогон микрофинансылык компаниялар, микрокредиттик уюмдар жана кредиттик союздар иш алып барып, калкты жана чакан-орто бизнести каржылоо, айыл чарбасын колдоо, керектөөчүлүк жана ишкердик кредиттерди берүү багытында кызмат көрсөтүүдө. Сектор финансылык жеткиликтүүлүктү кеңейтип, аймактардагы экономикалык активдүүлүктү арттырууда маанилүү роль ойнойт.