Былтыр 110,3 млрд сом пенсия төлөөгө багытталды. Бул тууралуу Социалдык фонддун коллегиясында айтылды. Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч мурунку жылга караганда 14,9 млрд сомго көп. Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкөдө 816,6 миң пенсионер бар. “2025-жылдын 1-oктябрынан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 10%га жогорулады. 50 миң сомдон жогору пенсия алгандар үчүн кошумча төлөм 5 миң сомду түздү. 2026-жылдын 1-январына карата өлкө боюнча орточо пенсия 11 миң 238 сом болду”, - деди ал.
Кыргызстанда өстүрүлгөн спаржа экспортко чыгып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, спаржа өстүрүү менен 10 жылдан бери алектенген жергиликтүү компания быйыл 61 гектарга өстүрүүнү пландап жатышат. Адатта бир гектар жерден 6-8 тонна түшүм алса болот. Ал эми заманбап агротехнологиялар менен түшүмдүүлүктү 12-15 тоннага чейин жеткирүү мүмкүн."Кыргызстан спаржаны ЕАЭБге мүчө Россия менен Казакстанга, андан сырткары, Кытай, Түштүк Корея жана Жакынкы Чыгышка экспорттойт. Компания Европа өлкөлөрү менен да кызматташууну пландап жатат", — деп айтылат маалыматта.Былтыр спаржанын кызыл түрү үчүн GlobalGAP сертификаты алынып, продукциянын сапаты эл аралык стандарттарга жооп берери тастыкталган. Азыркы учурда өндүрүш жана экспорттук иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Казакстандан күүйүүчү майды мыйзамсыз ташыган 37 автоунаа айып короого токтотулду. Бул тууралуу Жол милициясынан билдиришти.Маалыматка ылайык, машиналарга кошумча бак орнотулган."Автоунаалардын көпчүлүгү жолтандабас болгон. Баары айып короого токтотулуп, 37 айдоочуга 5500 сомдон айып салынды. Унаалар мыйзамсыз жабдылган кошумча бактарын чечмейин чыгарылбайт", — деп айтылат мааалыматта. **АКШ президенти Дональд Трамп Украинадагы согуштун токтой электигинен улам Россияга карата санкцияны дагы бир жылга узартты. Бул туурасында Кошмо Штаттардын жарыяланган федералдык реестринде айтылган. "Өлкөдөгү чукул кырдаалды дагы бир жылга узартам", — деп айтылган жарлыкта. Документтен РФке карата бул чектөөлөр Украинадагы согуштан улам жаралган чукул кырдаалга байланыштуу болуп жатканын аңдоого болот. Анда бул кырдаалды АКШнын тышкы саясатына жана Вашингтонго "болуп көрбөгөндөй жана чукул кооптуулук" жаратуучу фактор деп белгилешкен.
Жашы жете электерди сексуалдык кулчулукка сатууга айыпталган америкалык финансист Жеффри Эпштейндин мураскери жана анын эки аткаруучусу кыркка чукул жабырлануучуга 35 миллион долларга чейин кенемте төлөөгө макул болушту. Бул туурасында Bloomberg агенттиги жазды."Доогерлерден турган топтун соңку талаптарынан кийинки абалды жөндөп-чечүү планы Нью-Йорктун соту тарабынан бекитилиши керек. Кенемте буга чейин 136 доочуга берилген 121 миллион доллардан кийинки кезектеги төлөм болот", — деп айтылат маалыматта.Январдын соңунда АКШнын башкы прокурорунун орун басары Тодд Бланш чуулгандуу финансычынын иши боюнча маалыматтарды ачыкка чыгаруу иши соңуна чыкканын билдирген эле. Жарыяланган материалдардын көлөмү 3,5 миллион файлдан ашкан. Анын ичинде документтер, электрондук каттар, ошондой эле сүрөт жана видеоматериалдар бар.