Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Биринчи май райондук соту нефролог Насира Бейшебаеваны үй камагына чыгарды. Бул тууралуу аталган соттон билдиришти. Эскерте кетсек, Бишкекте Эне жана баланы коргоо борборунун дарыгери өспүрүм кызды туура эмес дарылоого шектелип, Бишкек шаардык милициясы тарабынан 18-февраль күнү кармалган. Өткөн жылдын августунда укук коргоо органдарына кайрылган аял борбордун Н.Б. аттуу дарыгери 15 жаштагы кызын дарылоодо ката кетирген болушу мүмкүн экенин билдирген. Арыз ээсинин айтымында, 2024-жылы медик өспүрүмдү туура эмес дарылагандыктан кыздын оң бутун кесип салууга туура келген. Ал эми саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов нефролог Насира Бейшебаеваны эркинен ажыратпай, башка бөгөт чарасын колдонуу мүмкүнчүлүгүн кароо керектигин маморгандарга билдирген.
Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледждин директору Айбек Ташматов 15-апрелге чейин камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасынын өтүнүчү канааттандырылган. Ташматовго Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголгон.Буга чейин соцтармакта Ташматовдун тойканалардын биринде кримтөбөл Камчы Көлбаевге тебетей кийгизип жаткан видеосу тараган. Мындан тышкары, эл эчинде УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын мурунку жетекчиси Элдар Жакыпбековдун жакын адамы экени айтылып келет
Былтыр Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттер менен соодасынын көлөмү 5,9 миллиард долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.Соода жүгүртүү 2024-жылга салыштырмалуу 7,7 пайызга өскөн.Кыргызстандын бул мезгилдеги өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга жана Казакстанга туура келди.
Владимир Зеленский коопсуздук боюнча өткөн Мюнхен конференциясынан кийин дагы үч жыл жүрө турган согуштун планын иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу Wall Street Journal журналисти Боян Панчевский Киевдеги маалымат булактарына таянуу менен билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, Киев режиминин башчысы мындай чечимин Россия менен сүйлөшүүлөргө мындан ары ишенбей турганы менен түшүндүргөн. "Зеленский жакын үзөңгүлөштөрү менен өткөн бейшемби күнү, 12-февралда, жолуккан. Ошол жерден сүйлөшүүлөр ишке ашпай калганын, эми отургандарга дагы үч жылга созулчу согуштун планын иштеп чыгууну тапшырды. Баары аябай таң калышты", — деди Панчевский. Маалымат бергендердин айтымында, Киевде Россия менен болуучу тынчтык келишими боюнча референдум жана президенттик шайлоо өткөрүүгө даярдык жүрүп жаткан. Панчевский Зеленскийдин оюн кескин өзгөртүшү АКШ президенти Дональд Трамп сунуштаган коопсуздук кепилдиктери менен байланыштуу болушу мүмкүн экенин боолголоду. Журналисттин баамында, Зеленский убадаланган кепилдиктер жетишсиз деп эсептеген болушу ыктымал.Буга чейин The Sun басылмасы Зеленский Женевадагы жолугушуу ортолоп калганда америкалык лидерге нааразылыгын билдире баштаган. Киев режиминин жетекчиси АКШ президенти абалды жөнгө салууга жасаган аракетин адилетсиз деп сындап, Украина "эч качан Американы кечирбей турганын" белгилеген.