Кыргызстандын айыл чарба сектору жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөргө умтулууда. Бишкекте өткөн «Агродиалог 2026» форумунда 100дөн ашуун меморандумга кол коюулмакчы.Форумдун максаты — фермерлерге жана ишкерлерге жаңы өнөктөштүктөрдү табууга, продукцияны кайра иштетүүгө жана экспортко чыгарууга шарт түзүү, ошондой эле кооперативдерди өнүктүрүү.Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Турат Идирисов форумдун негизги багыттарына токтолуп, жаңы инвестициялык долбоорлор, фермерлерди колдоо программалары жана айыл чарба секторун модернизациялоо боюнча маалымат берди.