NYT: Трамп Украинага күздүн соңуна чейин тынчтык орнотуу ниетинде

Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Украина жаңжалын ноябрь айына чейин жөнгө салууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу New York Times жазды.
"Трамп АКШда өтө турган алдын ала шайлоого чейин дипломатиялык жеңишке жетүүгө умтулуп, Киевди Донбасстан баш тартууга түртмөлөп жатат", — деп жазган гезит.
Аталган шайлоо Конгресстин эки палатасында 3-ноябрда болот. Учурда Республикалык партиянын тараза ташы салмактуу болуп турат, тагыраагы, алар эки жакта тең көпчүлүк добушка ээ.
Украинадагы тынчтык боюнча сүйлөшүүлөр
Быйылкы жылдын эсебинен Россия, Украин жана АКШнын ортосундагы сүйлөшүү 17-18-февралда өттү. Биринчи күнү алар алты сааттай, ал эми экинчи күнү эки саатка чукул талкуу кылышкан. Женевадан учуп кетер алдында Россиянын делегациясын жетектеп барган Владимир Мединский украиналыктар менен дагы эки саат сүйлөшкөн. Ага башкалар кирген эмес. Киев тараптан Коргонуу жана коопсуздук кеңешинин катчысы Рустем Умеров жана Жогорку Рададагы "Слуга народа" фракциясынын башчысы Давид Арахамия болгон.
Женевага Братиниянын премьери Кир Стармер коопсуздук боюнча кеңешчиси Жонатан Пауэлл менен келген. РИА Новостиге бул жагдайдан кабары болгон адам англиялыктар эмне сөз болуп жатканын билүү үчүн ал жерде жүргөнүн айткан. Сүйлөшүүнүн жүрүшүнө Германиянын, Франциянын жана Италиянын өкүлдөрү да байкоо салып турган.
Америкалыктарды Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф менен күйөө баласы Жаред Кушнер жетектеп келген. Ал эми украиналык делегациянын башында Владимира Зеленскийдин кеңсе башчысы Кирилл Буданов* болду.

* Росфинмониторингдин террорчулар жана экстремисттер боюнча тизмесине кирген киши.
Трамп Украина дагы бир топ аймагынан кол жуушу мүмкүндүгүн айтты