БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Ош шаарына жетекчи болуп кечээ дайындалган Жанар Акаевди иштеше турган жамаатына минкаб башчысы Адылбек Касымалиев тааныштырды.
Ал бүгүн, 19-февралда, ишине расмий киришти.
Жанар Акаев 39 жашта. Буга чейин Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаты болуп шайланып, эл өкүлүнүн милдетин аткарып жаткан.