ЖМК: Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдө прогресс бар

Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Россия, Украина жана АКШнын сүйлөшүүлөргө катышып жаткан аскер кызматкерлери ок атышууну токтотуу тартибин жөнгө салууда колго аларлык жыйынтыкка жете алышты. Бул тууралуу CNN телеканалы өзүнүн маалымат булактарына таянып билдирди.
"Украина, Россия жана АКШнын үч тараптуу сүйлөшүүлөргө катышып жаткан аскердик аткаминерлери ок атышууну токтотуу тартибин жөнгө салууда "акырындык менен, бирок олуттуу прогресске" жетти", — деп телеканал аталган маселеден кабары бар кишиге таянып билдирди.
Ал киши "келечектеги келишимдерге өзөк болчу негизги шарттарды иштеп чыгып жана тактоолорду киргизүү" жаатында жылыш бар экенин кошумчалаган.
Украинада тынчтык орнотуу процесси
Январдын соңу менен февралдын башында БАЭде Москва, Киев жана Вашингтондун өкүлдөрү кирген коопсуздук боюнча жумушчу топтун жабык сүйлөшүүсү өткөн. Анда АКШ сунуштаган тынчтык планынын айрым көйгөйлүү маселелери талкууланган.
ЖМКлардын маалыматы боюнча, Американын алгачкы планында Донбассты толугу менен Москванын карамагына өткөрүп берүү, аны Крым менен кошо Россияга таандык деп таануу бар. Андан сырткары, согушту жүрүп жаткан жеринен токтотуу, Украина армиясынын санын эки эсе азайтуу жана Украинага чет элдик аскерлер менен ыраакка атылуучу курал-жарак жайгаштырууга жол бербөө каралган.
Кремль буга чейин АКШ Аляскада макулдашылган формула боюнча аймактык маселелер чечилмейин узак мөөнөттү тынчтык орнотуу мүмкүн эмес экенин мойнуна алганын билдирген. Украина Куралдуу күчтөрү Донбасстан чыгып кетиши керек, бул Москванын эң орчундуу шарты.
Быйылкы жылдын эсебинен алганда Женевада өтүп жаткан диалог экинчи сүйлөшүү болуп калды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Зеленский Путин менен жолугуу ниетин кайрадан билдирди