БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Украинанын чыгышында демилитаризацияланган аймак түзүү идеясы талкууланып жатканы айтылууда. Бул тууралуу New York Times басылмасы ишенимдүү маалымат булактарына таянып жазды.
Ага караганда, сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары демилитаризацияланган аймактын алкагында эркин соода аймагын түзүү маселесин да талкуулашкан. Ошол эле учурда фронттун чегинен аскерлерди чыгарып кетүү жана мүмкүн болгон демилитаризацияланган аймак кантип башкарылары негизги талаштуу маселе бойдон калууда.
NYT басылмасынын жазганына караганда, Украина бул аймакка эл аралык тынчтык орнотуучу контингентти жайгаштырууну талап кылууда. Ал эми маалымат булактардын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары жаңжал аяктагандан кийин бул аймакты башкаруу үчүн жарандык администрация түзүү маселесин талкуулашкан. Алар анын курамына Россиянын да, Украинанын да өкүлдөрү кириши мүмкүн экенин билдиришкен. Бирок басылманын маектеши тараптар азырынча макулдаша электигин белгилеген.
Украина боюнча сүйлөшүүлөр 17–18-февралда Женевада өттү. Анда Россиянын делегациясын РФ президентинин жардамчысы Владимир Мединский жетектеди.