Кыргызстандагы өспүрүмдөр теракт даярдаган. УКМКнын 6 айлык маалыматы

Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. УКМК өспүрүмдөрдү интернет аркылуу радикалдуу жана экстремисттик топторго тартуу коркунучу жөнүндө эскертүү берди.
Соңку алты ай ичинде күч түзүмдөрү террористтик уюмдардын мүчөлөрү өспүрүмдөрдү азгырган бир нече фактыны аныкташкан. Айрым шектүүлөрдү теракт даярдоо стадиясында, ал эми башкаларын онлайн нускамалар боюнча жардыруучу заттарды даярдоо учурунда кармашкан.
“Дистанциялык радикализация — бул өспүрүмдөрдү социалдык тармактар, мессенджерлер жана веб-сайттар аркылуу туура эмес көз караштарды бөлүшүүгө, зомбулук көрсөтүүнү жана мыйзамды бузууну актоого ишендирүүчү процесс. Айрым учурларда өспүрүмдөр жардыруучу заттарды жасоого үйрөтүлүп, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кол салууга үгүттөлөт”, — деди УКМК.
Ата-энелер балдардын жүрүм-турумундагы төмөнкү өзгөрүүлөргө көңүл бурушу керек:
Компьютердик оюндарга кызыгуунун күчөшү;
Маанайынын кескин өзгөрүп турушу, түнт болуп кетүү;
Үй-бүлөдөн жана достордон алыстоо;
Агрессивдүү диний же радикалдык көз караштарды көрсөтүү;
Интернеттеги тааныш эмес адамдар менен жашыруун байланыштар;
Шектүү сайттарга жана жабык топторго кызыгуу;
Ата-энеге жана жакын туугандарга карата агрессия;
Зомбулукту же мыйзамсыз аракеттерди актоо.
Жогорудагы белгилерди өспүрүмдөрдүн жүрүм-турумунда байкаган жарандарга УКМКнын аймактык бөлүмдөрүнө дароо кайрылуу сунушталат.
Мекеме жаштардын радикализациясын алдын алуу үй-бүлөнүн, мектептин жана мамлекеттин биргелешкен иши аркылуу гана жүзөгө ашарын эскертет.
Канттагы авиабазада Россиялык аскерлер терактыга каршы машыгууларды өткөрүштү